«Сорос-Кыргызстан» фонду «118» ыкчам байланыш кызматын чыңдоого жардам берет

  • 2 года мурун

«Сорос-Кыргызстан» фондун «118» ыкчам байланыш кызматына кошумча операторлор бригадасын ишке тартууга колдоо көрсөтүүдө.

2022-жылдын башына карата Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны 6,5 эсеге көбөйдү. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти шашылыш түрдө«Сорос-Кыргызстан» Фондуна «118» ыкчам байланыш кызматына кошумча операторлор бригадасын ишке тартууга колдоо көрсөтүү боюнча расмий кайрылуу жолдогон.

Фонд коронавирус башталгандан бери үзгүлтүксүз колдоонун негизинде бул жолу кошумча 17 кызматкер жалдоонун чыгымдарын алып , ошондой эле «118» ыкчам кызматынын ишин күчөтүү боюнча консультациялык жардам көрсөтөт. Андан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан мындан аркы каржылык колдоосу жөнүндө макулдашуу процесси жүрүп жатат.

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын пайда болушу менен «118» ыкчам байланыш кызматынын иши, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун туруктуу колдоосу менен өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп, саламаттыкты сактоонун коргонуусунун биринчи линиясы катары жардам берип келе жатат.

Маселен, 2020-жылы 118 ыкчам байланыш долбоору Кыргыз Республикасында COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүгө олуттуу таасирин тийгизип, бир топ оор кесепеттерден алыс болууга жардам берди. Дал ушул жылдын июль айында өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумуна эң чоң жүк жана эң көп жоготуулар катталып, 118 колл-центрине чалуулардын рекорддук саны катталган. Бул долбоор медициналык жардамдын баштапкы деңгээлинде маалымат берип, олуттуу таасирин тийгизди, ошону менен эпидемиянын жайылуу коркунучу кыйла төмөндөдү .

2021-жылы үчүнчү толкунда (июль-август айлары) эки айдын ичинде 94 299 жарандын кайрылуусу каралды. Бул көрсөткүч 100 миңге жакын жарандын ооруканаларга жатпай үйдөн дарыланышына таасир эткенин күбөлөндүрөт. Кайрылуулардын ичинен 81 121 жаранга алгачкы кеңештер берилген. Ал эми 13 178 жаранга коронавирус оорусуна жукканына байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун мобилдүү топтору жөнөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты