Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, мамагенттик бөлүм башчысы жана Талас губернаторунун экс-орун басары кармалды
- 2 недели мурун
Ден-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, алдыда, 2026-жылдын жайында Талас облусунда “Мен- чемпионмун” аттуу спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Бирок жогоруда айтылган сумманын 12 миллион сому административдик имарат катары пайдалануу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшалган.
Мындан тышкары жогоруда аталган турак жай имараты соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен 12 миллион 343 миң сомго ашыкча бааланган.
Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзгөн. Натыйжада мамлекетке 4 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Буга байланыштуу соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




