Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 млн ​​сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен.

Жыйынтыгында, мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.Н.Э. аттуу жаранга карата эл аралык издөө жарыяланды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты