Соода-өнөр жай палатасынын экс-президенти Борис Перфильев көз жумду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын өнөр жайын жана экономикасын өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы президенти, экономист Перфильев Борис Васильевич дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасы кабарлады.

Борис Васильевич 1941-жылы 4-августта Фрунзе шаарында туулган. Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган. Эмгек жолун ал заводдо электр куроочу болуп баштаган. Ленин заводунда инженер, өндүрүштүк-диспетчердик бөлүм башчысы болгон. 1980-1988-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин өнөр жай бөлүм башчысы, БК мүчөсү жана Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.

1988-1992-жылдары Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин аппаратынын өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүн жетектеген.

1992-жылдан 2009-жылга чейин соода-өнөр жай палатасынын президенти катары Борис Васильевич эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүргөн.

Өлкөгө сиңирген көрүнүктүү эмгеги үчүн ал «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу”, “Данакер” ордендери, космостук агартуу методун эл чарбасына киргизүүгө кошкон зор салымы үчүн Гагарин атындагы медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлаган.  “Өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылды.

“Анын акылмандыгы, Мекенге берилгендиги жана чынчылдыгы биздин өлкөнүн тарыхында өчпөс из калтырды” деп эскеришет маркумду замандаштары.

Сүрөт: kg.cci.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты