Соода борборунун алдында аялын сабаган кишиге карата иш козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы соода борборлорунун биринин алдында күйөөсү аялын сабаган делген окуя боюнча тергөөнү баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, аталган факт Кылмыш кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Буга чейин социалдык тармактарда эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан.

Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты