Солтон-Сары алтын кен комбинат кызматкери жүк ташыган унаасы менен сууга түшүп кеткен
- 8 months мурун
- Видео
Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кырсык катталган жерге Нарын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу барган.
Учурда жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!