Сокулуктун Жаңы-Жер айылында күйөөсү аялын бычактап өлтүрүүгө шектелүүдө
- 1 неделя мурун
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында кечээ, 3-февралда, күйөөсү аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалганы кабарланды.
Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына күч түзүмдөрүндөгү жеке булактары кабарлаган.
Басылманын билдирүүсү боюнча, кечээ, 3-февралда, бычакталып өлтүрүлгөн аялдын өлүмүнө анын күйөөсү шектелүүдө.
Денесинин сегиз жерине бычак урулган аял окуя болгон жерде жан берген.
Шектүү кармалганы жана тергөө жүрүп жатканы белгиленди. Каза тапкан аялдын жаш балдары бар экени билгендер айтышкан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү