Сокулуктагы Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыкты
- 1 год мурун
Бүгүн, 12-июнда, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыккан. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, «тилсиз жоо» 11:03тө чектөөгө алынып, 13:30да толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйгөн. 1994-жылы туулган А. Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган. Кырсыктын себептери такталууда.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү