Ысык-Атада секелек кызга нике кыйган имам кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызга үйлөнүүгө аракет кылганы, айылдын имамы — 52 жаштагы Р. А аларга нике кыйганы үчүн кармалды.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголду.
Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Быйыл августта Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын имамы 2005-жылы туулган кызды өзүнөн он жаш улуу жаранга никесин кыйганы үчүн кармалган.
Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты