Сокулукта сабалган бала Бишкектеги балдар ооруканасына которулду

  • 2 года мурун

Сокулукта сабалган 2 жашар Егор Бишкектеги №3 балдар ооруканасына которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Ишембиде дарыгерлер баланын абалын орто оор деп маалымат беришкен. Ал жакта дарыланууга апасы, атасы жана кызыкдар тараптардан тоскоолдук жаралып жаткандыктан, Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына которуу жөнүндө сунуш бергенбиз. Ошол сунуш орундалды. Бул баланын саламаттыгын жана укуктарын коргоодо тоскоолдуктар болуп жатат”.

Азарбековдун айтымында, Акыйкатчы институту баланын сабалышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Наристе буга чейин зомбулукка туш болушу мүмкүн экенин билдирди. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон эмес.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты