Сокулукта ири өлчөмдө акча опузалоого шектүү кармалды (Видео)  

Сокулук районунда ири өлчөмдө акча опузалоого шектүү киши кармалды.  

Бул тууралуу 30-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сокулук райондук ИИБге Ш. А. аттуу жарандын А.Н. аттуу киши ал тууралуу тиешелүү уюмдарга арыз жаза тургандыгы менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акча опузалап жаткандыгы боюнча билдирген маалымат түшкөн.

Бул факты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгында катталган жана кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси, акча опузалоо боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн Сокулук ИИБине жөнөтүлгөн

29-апрелде Сокулук райондук ИИБ УКМКнын Чүй облустук башкармалыгы менен бирге акча опузалоого шектүү катары 1978-жылы туулган А.Н. аттуу кишини кармаган. Ал убактылуу камоочу жайга киргизилген.  

  

Сүрөттө: Кармалган шектүү. Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы.     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты