Сокулукта дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 млн 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Колос» дыйкан чарбасынын төрагасы Ш.А.Ф. 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алгандыгы белгилүү болгон.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты