Сокулук РИББ тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды

  • 2 года мурун

19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирдикте Cокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары К.А.М.ны кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытта айтылгандай, УКМКга буга чейин КР С.Г. аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 000 сом каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылуусу түшкөн.

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г. аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г. аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.

2022-жылдын 19-апрелинде саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБ тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары К.А.М. кармалды жана УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк иш боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты