Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үйдөн өрт чыкты
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 10-августта, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ленин райондук №6 ӨКБдан 2, буга кошумча саат 14:04тө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, №4 ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
![Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үйдөн өрт чыкты](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/08/novopavlovka-rt.jpg)
Сүрөттөр: ӨКМ
Муну бөлүшүү