Сокулук районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды
- 2 месяца мурун
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ( ИИБ) кызматкерлери тарабынан Сокулук районунда айыл чарба багытындагы жерлердин ири ээликтери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схемаларды аныкташты.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.
“Айыл чарба багытындагы ири жер ээликтери, өзгөчө ири көлөмдө пайда көрүү максатында, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын түздөн-түз көмөгү менен, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулушуна арналган жерлерге которуп, андан ары жарандарга сатып келишкен. Ошондой эле ири жер ээлери бир эле жер тилкелерин бир нече жаранга сатып, натыйжада жарандар акчасыз жана үй-жай курууга абдан зарыл болгон жер тилкелерсиз калышкандыгы аныкталды” деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Чүй облусунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш ишинин алкагында буга чейин ири жер ээлери болуп саналган 5 жаран (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган.
2025-жылдын 16-сентябрында аталган кылмышты жасоого шектелип, жазык -процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде 1983-жылы туулган Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. кармалды.
Кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат, башка адамдардын да кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Сүрөт: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы




