Сокулук районунда зордуктоого шектүү  кармалды

  • 2 месяца мурун

1-июнь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө (ИИБ) Раздольный айылында зордуктоо фактысы боюнча боюнча шектүү кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, аталган факт Сокулук райондук ИИБде катталып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде көрсөтүлгөн, зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1-июнда Сокулук районунун Раздольный айылынын паркында О.А. зордукталганы аныкталган.

Кылмыштын изи сууй электе шектүү Т.Ю. кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты