Сокулук районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды

  • 1 год мурун

9-июлда «Арсенал» аттуу рейддин алкагында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, анын ичинде Манас аймактык милиция бөлүмүнүн участкалык инспекторлору менен бирге Сокулук айылындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан даректен мыйзмсыз сакталган курал табылган. —

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

1975-жылы туулган жаран М.Т.нин жашаган үйүн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган мергенчилик куралы 16-калибрдеги эки ооздуу мылтык жана ага тиешелүү 4 ок-дары табылып, далил катары алынган.

Бул факты Сокулук РИИБде катталып, тиешелүү соттук экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилет.

Сүрөт: Чүй ОИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты