Сокулук районунда чач тарачтан өрт чыкты
- 11 месяцев мурун
Чүй облусунун Сокулук районундагы Больничный көчөсүндө бүгүн, 4-июлда, чач тарачтын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:10до Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир, 09:19да бир, 09:36да Москва райондук №15 өрт-куткаруу бөлүгүнөн дагы бир бөлүм, жалпы үч бөлүм жеринде иш алып барды.
Өрттү өчүрүүгө кошумча дагы жеке менчик 4 суу ташуучу унаа тартылган. Дене боюнан жабыркаган кишилер жок. Өрттүн аянты такталууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




