Согуш башталгандан бери Одессадан дан жүктөлгөн алгачкы кеме чыкты

  • 2 года мурун

1-августта Одесса портунан украин даны жүктөлгөн алгачкы кеме чыкты. Бул өткөн айда Стамбулда кол коюлган Украинанын Кара деңиз портторунан дан азыктарынын экспортун калыбына келтирүү тууралуу төрт тараптуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.

Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Сьерра-Леоненин туусу менен жүргөн «Разони» кемеси Ливанга 26 тонна жүгөрү алып кетти. Бул маалыматты кемелердин кыймылына көз салган MarineTraffiс сервисинин маалыматтары да ырастоодо.

Одесса портунан чыгып жаткан кеменин сүрөттөрүн украин телеграм-каналдары да жарыялашты.

Күн мурун украин басылмалары Одессада бир нече жарылуу болгонун кабарлашкан. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Украинанын абадан коргонуу системалары орус ракеталарын атып түшүргөн, бирок бир нечеси Одессанын аймагына жетип жарылган. «Думская» басылмасы бери дегенде эле төрт жарылуу болгонун жазды.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Ага ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту — Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылат. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Аталган портторду Орусия 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.

Иллюстрациялык сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты