Президент Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуу жасайт
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, түз эфирде элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов социалдык тармакта билдирди.
Мамлекет башчынын кайрылуусу УТРК, ЭлТР жана башка телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.
Түз эфир башталышы – 21.00.
Кайрылуу эмне тууралуу болорун Алакөзов айткан жок.
Президент бүгүн Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо датасын 30-ноябрга белгиледи. Кайрылуу алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу болорун редакция божомолдойт.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




