Алакөзов Би-Би-Синин Европа жана Борбор Азия боюнча директору Ричард Колборн менен жолугушту

  • 2 недели мурун

Би-Би-Си кыргыз кызматынын өлкөбүздө иштеп жатканына быйыл 30 жыл толду. Ошого байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов 25-майда Би-Би-Синин Европа жана Борбор Азия боюнча директору Ричард Колборн менен жолугушту.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

-Медиа тармагында кызматташуу, өлкөбүздөгү масштабдуу иш-чараларды дүйнө коомчулугуна жеткирүү маселелерин талкууладык. Анын ичинде алдыда күтүлүп жаткан иш-чараларды: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары талапкерлигин коюусун, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын жана дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өңдүү ири иш-чараларды эл аралык аудиторияга алып чыгууну сунуштадым. Ричард Колборн мырза Би-Би-Си Кыргызстан тууралуу маалыматтарды, анын ичинде расмий позицияларды да дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар экенине ишендирди, -деди президенттин басма сөз катчысы.

Бүгүн, 26-майда, BBC кыргыз кызматы уюшулганынын 30 жылдыгына байланыштуу Бишкекте жыйын өткөрөт.

Сүрөт: Алакөзовдун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты