Соцтармактагы кайгуул кызматкери жаранды түрткөн видео боюнча ИИМ маалымат берди
- 4 недели мурун
- Видео
Социалдык тармактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери жаранды түрткөн видео тараган. Ички иштер министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берди.
“Ал күнү жол тескөөчүлөргө оор кылмышты жасоого шектүүнү куралдуу күзөт менен алып өтүүгө байланыштуу жолдон тоскоолдуксуз өтүү боюнча тапшырма берилген. Жол тескөөчү унаа кыймылын жана жарандарды убактылуу токтотуп жаткан маалда, анын мыйзамдуу талабына баш ийбеген жаран жолдон өтүүгө аракет кылган. Кызматкер жаранды жол бөлүгүнөн ыкчам алып чыгууга аракет көргөн учурда, жаран тең салмактуулугун жоготуп жыгылган. Окуяга күбө болгон жарандардын бири аны дароо коопсуз жерге алып чыккан” деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө чакырат.
Сүрөт: ИИМ имараты




