Соцтармак колдонуучу массалык башаламандыкка шектелип, камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3- бөлүгүндө, массалык баш аламандык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу «Бишкек-Москва» маршруту боюнча Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет учурунда Facebook социалдык тармагынын аккаунтунун ээси Б.Ж.А. аттуу жаранды кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта Б.Ж.А. (Жусуп Ботобаев) Facebook  социалдык тармагындагы аккаунту аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди  жарыялоо менен алектенгендиги айтылат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Б.Ж.А.га карата жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты