Социалдык жөлөкпул өлчөмү жогорулатылды

  • 2 года мурун

2022-жылдын 1-январынан тартып ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдардын, багуучусунан айрылган балдарга социалдык жөлөкпулдардын жана пенсиялардын өлчөмү жогорулатылды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, ВИЧке, же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жактарга 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулатылса, 2022-жылдын 1-январынан тартып, аталган жөлөкпулдардын өлчөмү 8000 сомду түзөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты