Прокуратура Кара-Суу районунда бир катар адамдарга жөлөкпул мыйзамсыз берилгендигин аныктады
- 2 месяца мурун
Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызматкерлери 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган.
Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.
Мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан