1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы жөлөкпул киргизилет
- 2 месяца мурун
Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт жана үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Президент бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




