Депутат Райымбачаева дарыгерлердин күнөөсү менен СПИД жуктурган балдар жөлөк пул ала электигин айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Винера Райымбачаева дарыгерлердин күнөөсү менен ВИЧ/СПИД  жуктурган балдар компенсация ала элек экенин билдирди.

-2006-2007-жылдары дарыгерлердин көнөөсүнөн Ош шаардык балдар ооруканасынан балдар ВИЧ инфекциясын жуктуруп жабыркаган.  Ошол балдардын ата-энелери арыз жазып, бизге алып келишти. Анда айтылгандай, 2021-жылдын ноябрь айында ВИЧ оорусу менен медицина кызматкерлери тарабынан жабыркаган балдар 2022-жылдын  март айынан баштап өкмөт тарабынан ар бирине 100 миң сомдон бир жолку компенсация төлөп берүү боюнча мыйзамга кол коюлган.

Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин ошол жөлөк пул төлөнө элек. Ошол ата-энелерди биз түшүнүшүбүз керек, ал балдар азыркы убакта абдан ойлору өзгөрүлүп атат, кээ бир балдар өзүнө кол салууда, кээ бирөөлөр өмүр бою дары ичиш керек болсо, ичпей калып жатышат. Ошондуктан ата-энелер эмне кыларын билбей, көп талаптарын жазып келишти.

Талаптарда ошол балдар мектепти аяктагандан кийин бюджеттик негизде жогорку окуу жайга кабыл алуу, бекер окутууну талап кылабыз дешет.    Ооруга чалдыккан эркек балдардын мектепти аяктагандан кийин Аскерге барбоосун жана Аскердик билет жарактуу деп берилүүсүн талап кылабыз дешет. Ошондой эле үй-жай менен камсыз кылуу. Ушу сыяктуу талаптар дагы көп. Бул токтом эмне себептен аткарылбай жатканы белгисиз, -деди депутат Райымбачаева.  

Сүрөттө: Винера Райымбачаева. kenesh.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты