Министрлер кабинети бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк берген жөлөкпулдун жобосун бекитти
- 9 месяцев мурун
Министрлер кабинети бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына кошумча колдоо катары айына берилүүчү жөлөкпулдун жобосун бекитти. Бул тууралуу чечимге төрага Адылбек Касымалиев бүгүн, 2-октябрда, кол койду.
Токтом бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, чек арага жакын, өзгөчө макамы бар жерлерде жашаган, 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга же үй-бүлөгө кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү иретинде иштелип чыккан.
Андай жөлөкпул үчүнчү баласы төрөлгөн жана андан кийинки балдары үч жашка чыкканча ай сайын 3000 сом берилет.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: minfin.kg
Муну бөлүшүү




