16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү механизми каралды
- 2 месяца мурун
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары үчүн ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу менен камтууну кеңейтүү үчүн Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган токтомго ылайык, жеңил автоунаанын (чыккан жылынан) пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, ошону менен бирге менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала алышат.
Ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун бул түрү дайындалбай тургандыгы белгиленди.
Ошондой эле аз камсыз үй-бүлөлөрдүн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна муктаждыгын аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Эгер жөлөк пул ала тургандар райондук коэффициент каралган калктуу конушта жашаса, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу райондук коэффициентти кошуу менен төлөнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




