Социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Т.Ж.нын катышуусундагы видеоматериал да аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар табылган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирге тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Т.Ж. аттуу жаран КР УКМКга жеткирилип, тергөө органдары тарабынан суракка алынган.

31-майда кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (жарашууну) козутуу) боюнча Т.Ж. кармалып жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты