Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козутууга шектүү кармалды  

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан TikTok социалдык тармагындагы баракчасына Кыргыз Республикасынын облустарынын биринен келген жарандардын дарегине уят жана кемсинткен сөздөрдү камтыган видеотасманы жана билдирүүлөрдү ачыкка чыгарган Ала-Бука районунун тургуну А.у.А. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, А.у.А. конкреттүү региондун жашоочуларынын кадыр-баркын кемсинткен орой сөздөрдү жана риториканы колдонгон, бул өлкөбүздүн аймактар аралык маселелерге байланыштуу чыр-чатакты жаратышы мүмкүн.

А.у.А. кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде(«расалык, этностук, улуттук же регион аралык кастыкты (араздашууну) козгоо») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты