Социалдык тармакта тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын материалдарын тараткандар аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, «Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

2022-жылдын 7-сентябрында “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Ноокат районундагы — 6, Ош облусунун Кара-Суу районундагы — 1, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертиза дайындалды.

—

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты