Социалдык фонддо коррупциялык схема аныкталды  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан социалдык фонддун кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, социалдык фонддун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияларды чыгаруу максатында «Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган.

Топтолгон далилдердин негизинде социалдык фонддун аудит башкармалыгынын башкы аудитору Б.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты