«Слова пацана» сериалынын жаратуучулары тарбия берүүчү жаңы долбоор сунушташты

  • 4 месяца мурун

Орусияда «Слово пацана» сериалынын жаратуучулары иштеп чыккан «Пацаны меняются» аттуу жаңы социалдык жана билим берүү долбоору жарыкка чыкты.

Анын авторлорунун айтымында, долбоордун максаты — ата-энелерге жана өспүрүмдөргө өспүрүм курактагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүү.

Сериалда өспүрүмдөр ойлонбой түрдүү аракеттерге барганда кесепеттери кандай болору көрсөтүлүп, ата-энелерге сунуштар берилет. Долбоордун веб-сайтында ата-энелер жана өспүрүмдөр үчүн жардам борборлорунун акысыз ишеним телефондору, ошондой эле атайын «Мага жардам керек» баскычы бар. Ал аркылуу оор кырдаалга кабылгандар анонимдүү түрдө сүйлөшүп, психологдон жооп ала алат.

Биздин сериал – зомбулукка жана кылмыштуулукка каршы күчтүү вакцина. Ал ар кандай топтордо эч кандай романтика жок экенин көрсөтөт. Жаза сөзсүз болот жана сени эч кандай «достор» куткара албайт. Зордук-зомбулуктан жана кылмыштуулуктан үй-бүлө гана куткара алат, – деп эсептейт Wink.ru видеосервисинин башкы директору Антон Володкин.

«Изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөр ата-энелери алар менен бир күндө 6 мүнөттөн ашык убакыт өткөрүшпөйт. Биздин сериалда да ушундай. Баары бош эмес. Ар бир сериядан кийин ата-энелерден «баласы азыр кайда, эмне кылып жатат, аны эмне тынчсыздандырат» деп сурагын келет. Ар бир ата-энеге, баласынын жашоосундагы балким эң кыйын мезгилинде жакын болуу үчүн күч, ресурстарды табууга жардам бергиң келет».

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты