SkyWay жана Sky World Community каржы пирамидасынын Кыргызстандагы уюштуруучусу аныкталды
- 2 недели мурун
Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында журналисттин билдирүүсү кеңири тараган. Ал укук коргоо органдарына кайрылып, SkyWay жана Sky World Community компанияларынын ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну өтүнгөн. Алынган маалыматтар боюнча, аталган компаниялардын жетекчилери каржы пирамидасын уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган компаниялардын өкүлдөрү Бишкек менен Ош шаарларынын ортосунда «асман көпүрөлөрүн» куруу боюнча ири инвестициялык долбоорго катышууну убада кылып, жарандарды активдүү тартканы аныкталды. Жарандарга кийин жогору пайда аласыңар деген убада менен долбоорго акча каражатын салуу сунушталган.
Чыныгы инвестиция көрүнүшүн жаратуу максатында, катышуучуларга атайын мобилдик тиркеме берилип, анда салынган сумманын көлөмү көбөйүп жаткандай жалган маалымат көрсөтүлгөн. Чындыгында каражаттар реалдуу каржылык камсыздоого ээ болгон эмес жана жарандардан чогулган бардык акча каражаттары уюштуруучулардын жеке пайдасы үчүн колдонулган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин (финансы пирамидаларын уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган компаниянын куратору 1973-жылы туулган И.П. аттуу жаран кармалган. Ал SkyWay жана Sky World Community компанияларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин уюштуруучулардын бири катары аныкталган. Кармалган жаран камакка алынган.
Ички иштер органдарына жогоруда аталган каржы пирамидасынын аракетинен жабыркаган жарандардан арыздар түшүп жатканы айтылды.

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы




