Сириядан кыргыз жарандары жана балдар алынып келинди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 16-февралда, «Айкөл» аттуу гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын жаңжал болуп жаткан аймагынан кыргызстандык 18 аял жана 41 бала Мекенине алынып келинди.

Бл тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.  

Бул мындай багыттагы экинчи иш-чара болуп саналат. Буга чейин дагы алынып келинген. Ал Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактардагы балдарды жана аялдарды коргоого багытталган.

Иш-чара Кыргызстандын жетекчилеринин саясий эркинин жана эл аралык уюмдардын — БУУнун Балдар уюмунун (ЮНИСЕФ), Кызыл Кресттин эл аралык комитетинин колдоосу менен ишке ашырылды.  

Балдар адегенде реабилитациялык борборго жиберилет.  

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты