Сирияда атайын лагерлерде жүргөн Кыргыз жарандары алынып келинди

  • 5 месяцев мурун

8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Кыргызстандын жарандары, анын ичинен 31 аял жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет.

22-октябрда “Айкөл-3” атайын гуманитардык миссиянын негизинде Сириянын түндүк-чыгышындагы легерлерде жүргөн кыргызстандыктар алынып келинген.

Сүрөттө: ТИМ имараты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты