Синтетикалык баңгизат таратууга шектүүлөр кармалды

  • 4 недели мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында башка кызматтар менен биргее «K» интернет-дүкөнү аркылуу синтетикалык баңгизат таратуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалды.

Анда 2007-жылы туулган К.А.Б. жана 2005-жылы туулган С.С.А. аттуу жарандар «Honda Fit» үлгүсүндөгү авто унаа менен бара жаткан жеринен кармалган. Унааны тинтүү учурунда кутунун ичинде жалпы салмагы 1 кг жакын болгон кочкул жашыл түстөгү заты бар төрт брикет табылган.

К.А.Б.нын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 125,47 грамм ар кандай түстөгү жана өлчөмдөгү 290 таблетка, жалпы салмагы 157,37 грамм болгон ZIP-пакеттердеги заттар, салмагы 194,31 грамм болгон кристалл сымал зат, «MBank» банктык картасы, электрондук тараза, ZIP-пакеттер, кол каптар, изолента, магниттер жана баңгизаттарды таңгактоо үчүн башка шаймандар табылды.

Баңгизаттар жана психотроптук заттар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жашыруун жайгаштыруу ыкмасы менен таратууга багытталгандыгы аныкталган.

Беш миңден ашык бир жолку дозадагы баңгизаттарды жана психотроптук заттарды 5 миллион сомдон ашык суммага таратууга бөгөт коюлду. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты