Шыкмаматов: Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди кошумча нарк салыгынан бошотуу каралууда
- 2 месяца мурун
25-январда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, дары-дармек тармагындагы салык салуунун маселелерин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) киргизүүдө пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып беришкен.
Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны колдонуу импорттоочулар, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактары үчүн милдеттүү бойдон кала тургандыгын баса белгилеген. Ошондой эле дары-дармек каражаттарын эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн ЭТТКны «1С-Бухгалтерия» системасы жана дарылардын электрондук маалымат базасы (ДЭМБ) менен интеграциялоо каралган.
«Чакан жана орто бизнес үчүн дарылардын электрондук маалымат базасын «1С-Бухгалтерия» жана ЭТТК менен бириктирүүнү камтыган чечим иштелип чыгууда, бул ишкерлерге маалыматтарды бирдиктүү платформада толтурууга мүмкүндүк берет. 1-мартка чейин бул чечимди иштеп чыгуу үчүн мөөнөтүбүз бар», – деп билдирген Шыкмаматов.
Мындан сырткары, жолугушууда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарын кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну караган мыйзамга түзөтүү даярдалып жаткандыгы айтылган.
«Салык кызматынын башчысы гемодиализ кызматын көрсөткөн уюмдар үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн режимине өтүү мүмкүндүгүн белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Салык кызматынын басма сөз кызматы