Ишкердик субъекттерге салык көзөмөлүн жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жарлыгына кол коюлду
- 4 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлык менен салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге төмөнкүлөрдү кошпогондо, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык көзөмөлүн жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилүүдө:
– көчмө тематикалык, пландык текшерүүлөрдү, ишкердик субъекттин арызы боюнча уюмду жоюуда жана/же жеке ишкердин ишин токтотууда текшерүүнү, камералдык текшерүүнү, рейддик салык көзөмөлүн жана жалпы салык режими же 2, 3, 4, 6 жана 8 пайыздык ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин, ошондой эле зергер буюмдарын жана товарлардын акциздик топторун өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринин көзөмөл-кассалык машиналарын колдонуу тартибин сактоосуна салык көзөмөлүн.




