Салык жеңилдиктери күчүнө кирди

  • 2 месяца мурун

Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирди.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында 13-январда маалымат жарыяланды.   

Мыйзамдын негизги ченемдери:

– зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгы алынды;

– 2029-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулду;

– 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операцияларынан улам келип чыккан жеке жактардын салыктык карызын эсептен чыгаруу каралган;

– Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорттук каражаттарды, ошондой эле аларга комплекттелген буюмдарды сатуудан салык төлөөдөн бошотуу каралган;

– 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан алынуучу киреше салыгынын минималдуу өлчөмүн 1 пайыз өлчөмүндө жана тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары белгиленген;

– мүлкүн ижарага берген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы жеке ишкерлер үчүн белгиленген ставкага барабар, башкача айтканда, орточо айлык акынын кыскартылган суммасынын 6%ы өлчөмүндө белгиленген;

– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 1 пайыздык ставка);

– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияга салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 0,2 пайыздык ставка);

– баалуу металлдан жасалган зер буюмдарынын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу, легалдашуу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий киргизүү каралган;

– алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү алып салынды;

– арбитраждык соттордун карамагынан салыктык талаштарды кароо алып салынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты