Швецияда уурдалган премиум-класстагы беш автоунаа Кыргызстандан табылды

  • 3 года мурун

Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.

Милициядан билдиришкендей, жогоруда аталган унаалар Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн.

«Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына алынып келип жатканы аныкталган. 2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун биринде тинтүү жүргүзүп, 2020-2021-жылдары Швециядан уурдалып келген премиум-класстагы беш автоунааны табышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты