Үч кыргызстандык Интерпол аркылуу Сербия жана Испаниядан кармалды
- 1 месяц мурун
Интерпол линиясы боюнча жүргүзүлгөн эл аралык кызматташуунун негизинде чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган адамдар кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Сербиянын Белград шаарында С.Д.А. аттуу жаран кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (уурулук) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.
Шектүү Манас шаарында жайгашкан үйдүн короосуна мыйзамсыз кирген. Үйдөн ал планшет, ири суммадагы акча каражатын, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды да уурдап кеткен. Кылмыш жасалгандан кийин шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.
Мындан тышкары, Интерпол линиясы боюнча эл аралык аракеттенүүнүн алкагында Испаниянын Мадрид шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Ю.А.С. жана 1980-жылы туулган Ю.П.В. кармалды.
Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар жүк ташуучу унаа сатып алуу жана андан ары жүк ташуу бизнесин жүргүзүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен өзгөчө ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Кийинчерээк өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, сатып алынган унааларды сатып жиберишип, түшкөн каражаттарды жеке максаттарына жумшашкан.
Учурда ыйгарымдуу органдар тарабынан аларды мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси каралууда.
Сүрөт: ИИМ




