ШКУга мүчө мамлекеттер башчыларынын жыйынында бир катар документтер кабыл алынды

Бүгүн, 1-сентябрда, Кытайдын Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар документтер кабыл алынды. Бул тууралуу президентин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

1. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ)  мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Тяньцзин декларациясы.

2. ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча документтерди бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими:

— ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы;

— 2026–2030-жылдарга ШКУ аймагында экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча ШКУ мүчө мамлекеттердин кызматташтык программасы;

— 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУ энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.

3. Лаос Элдик Демократиялык Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун диалог боюнча өнөктөшү статусун берүү жөнүндө ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

4. ШКУнун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде байкоочу статусун алуусу жөнүндө ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

5. «Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөшү» статусу жөнүндө ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

6. Чолпон-Ата шаарын 2025-2026-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечими;

7. ШКУнун Башкы катчысынын төмөнкү документтерге кол коюу боюнча ыйгарым укуктары жөнүндө чечими:

— 2004-жылдын 17-июнундагы ШКУ менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы ШКУ катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол;

— ШКУ катчылыгы менен «Росконгресс» фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

8. ШКУнун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү баяндамаларды бекитүү тууралуу чечими:

— Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын  өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;

— 2024-жылдагы регионалдык антитеррордук түзүмдүн ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы.

9. ШКУ Баңгизатка каршы борбору жөнүндө макулдашуусу.

10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуусу.

11. Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү.

12. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин санарип экономика тармагында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.

13. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергетиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча билдирүүсү.

14. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «жашыл» өнөр жай тармагында кызматташтык жөнүндө билдирүүсү.

15. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жасалма интеллект жаатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жөнүндө билдирүүсү.

16. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин көп тараптуу соода системасын колдоо жөнүндө билдирүүсү.

17. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин дүйнөлүк баңгизат көйгөйүн натыйжалуу чечүү жана ага каршы күрөшүү боюнча билдирүүсү.

18. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин туруктуу өнүгүү жаатында инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү;

— 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ШКУ катчылыгынын Кытайда болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол.

ШКУ саммитине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытайдын, Беларустун башчылары, Индиянын премьери, Ирандын президенти, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты