ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук транспорт кадимки режимде ишин улантат.

Ошол эле учурда шаардагы айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарышы мүмкүн.

Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдары бекитилген убактылуу схемаларга ылайык жүргүзүлөт. Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга жарым-жартылай тиешелүү болот: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунда ачылат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан кыймылды уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, сапарларын алдын ала пландаштырууну жана жолдо жүрүү убактысы көбөйүшү мүмкүн экенин эске алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты