Щадринск шаарында Кыргызстандын жарандары жол кырсыгына кабылды 

  • 1 год мурун


25-апрелде Россияда, Екатеринбург-Щадринск-Курган унаа жолунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти 26-апрелде билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны башкарып келе жаткан “Хонда Фи”т үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган КР жараны Б.уулу. алган жаратынан ошол жерден каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч жана жүргүнчү 1999-жылы туулган М.кызы  ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргыз Республикасына жүк-200 жөнөтүү маселеси каралып жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты