Шеркул Дүйшөналиевдин экинчи өмүрү эми ырларында уланмакчы

Кыргыз элине белгилүү обончу- аткаруучу, композитор, педагог Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты. Анын кетиши улуттук өнөр жана музыкалык маданият үчүн орду толгус жоготуу болду.

Бул тууралуу  маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

«Шеркул Дүйшөналиевдин чыгармачылык жолу ар тараптуу мүнөздө болуп, жаңы формаларды жана көркөм чечимдерди тынымсыз изденүү менен коштоду. Анын чыгармалары чыныгы сүйүү, патриоттук, мекенге, жаштарга болгон кеңдик жана эң башкысы лирикалык тереңдик менен айырмаланып турчу. Айрыкча оркестр коштоосундагы концерттери, жана симфониялык ырлары, угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп сакталып калды. Ал өзүнүн ырларын андан сырткары көптөгөн обончу, композиторлордун ырларын, эстрадалык ансамблдердин жана симфониялык оркестрдин коштоосунда кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырып, калтырып кетти» деп белгиледи маданият министрлиги.

Шеркул Дүйшөналиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1957-жылы туулган. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайынан билим алган. Ал обончулук менен ырчылыкты бирдей алып жүргөн, чыгармачыл, таланттуу адам болгон.

Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана “Наристе” ансамблинде баштаган. Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенди. Республикалык фестивалдардын көптөгөн сыйлыктарынын лауреаты болгон.

Шеркул Дүйшөналиев 26 жаш курагында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамын алган.

Шеркул Дүйшөналиев “Жүрөгүм сезет”, “Булактагы кездешүү”, “Табийгат сыры”, “Кумар көз”, “Көңүл бөлсөң”, “Ойлончу”, “Сизге тааныш эмеспи”, “Үйлөнүү тоюна”, “Үмүт”, “Жаштар бийи” жана башка обондорду жараткан. Анын чыгармачылыгынын туу чокусу 1980-1990-жылдары анын алгачкы олуттуу чыгармалары музыка чөйрөсүндө чоң кызыгуу менен кабыл алынып, өзгөчө таасирдүүлүгү менен айырмаланып турган.

Шеркул Дүйшөналиевдин экинчи өмүрү эми ырларында уланат. Бул тууралу 12-декабрда Шеркул Дүйшөналиевди өзү туулуп-өскөн  Аламүдүн районундагы Байтик айылында жерге берүү зыйнатында анын замандаштары да белгиледи.

Шеркул Дүйшөналиевдин акыркы убактарда оор дартка чалдыккандыгы белгилүү болгон. Өмүрүн сактап калуу үчүн жакындары, кесиптештери буга чейин кайрымдуулук концерттерин өткөрүп, каражат топтоп, дарылануусуна көмөктөшкөн.

Акыркы кездерде белгилүү продюсер Ассоль Молдокматова аны дарыгерлерге көрсөтүп, жүрөгүнө операция жасаттырууга жетишкен. Бирок асылган оору Шеркул Дүйшөналиевди алып тынды. Бир аз жылдар мурда жубайы Гүлсана кайтыш болгондугу айтылган. .

Шеркул Дүйшөналиев музыка жаратууда, обончулукта талыкпастан иштеп келген. Анын “Ак жибек”, “Булактагы кездешүү”, “Кумар көз”, “Мен унутпайм” жана башка обондору элге кеңири белгилүү. Таланты ташкындаган акын Турур Кожомбердиев менен тааныш болуп, алп акын дүйнөдөн өткөндөн кийин чыгармаларына обон жаратып келген.

Коштошуу зыйнатында Турар Кожомбердиевдин иниси Карабай Кожомбердиев ал тууралуу мындайча билдирди:

-Шеркул Дүйшөналиев кыргыздын таланттуу жигиттеринин бири эле. Аны таанып калган себебим, Турар байкемдин ырларына обон чыгарып, убагында чогуу жүрүшкөн. Байкебиз каза болгондон кийин анын ырларына обон чыгарды. Биздин үй-бүлө менен бир туугандай болуп калган, биз үчүн чоң жоготуу болуп жатат. Эмне дейбиз эми, жаткан жери жайлуу болсун. Шеркулду кыргыз эли жаккшы тааныйт деп ойлойм, жүрөгүндө сактайт болушу керек. Шеркул байкебиздин экинчи өмүрүнө байсалдуу жол тилейбиз. Уул-кыздары бар. Бекжан Шер деген уулу атанын жолун улантам деп ырдап да жүрөт, -деди.

Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен белгилүү обончу, аткаруучу, композитор Шеркул Дүйшөналиевдин жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сүрөттө: Шеркул Дүйшөналиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты