Чыгармачылыгы таза абадай, шыңгыраган мөлтүр суудай. Рысбай Абдыкадыровду эскерүү кечеси өтөт  

  • 2 недели мурун

12-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар обончу,-композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кечеде улуу таланттын өмүр жолу тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүп, эл сүйгөн мукам ырлары Улуттук филармониянын жаш ырчыларынын аткаруусунда жаңырмакчы.

Башталышы саат 18:30 да. Билеттер: филармониянын кассасында жана kassir.kg сайтында сатылат.

Залкар обончу, композитор Рысбай Абдыкадров тууралуу Түгөлбай Казаковдун мындай эскергени бар:

-Бир өкүнгөнүм Рысбай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетин гана аяктады, анда музыка мугалимин даярдайт. Бирок чоң чыгармачылыкты алып чыкты. Анын “Жүрөктү кеттиң жаралап”, “Издейм сени“, «Биз экөөбүз», “Сагындым тууган жер сени” … не деген керемет ырлар. Эгер Рысбай Абдыкадыров Моцарт, Бетховен өткөн мектептен өтүп калганда, аспаптык шумдук чыгармаларды жаратман. Ал кымындай билими менен өлбөс-өчпөс, чоң чыгармаларды жаратып кетти. Теңир берген өнөрдү наристе оюнчугун аздектегендей, өнөр аспабын колуна кысып кетти, өнөрүнө көңүлкош мамиле жасабады. Чыгармачылыгына жашында кандай мамиле кылса, кийин да ошондой мамиле жасады. Бул биз үчүн үлгү болушу керек. Рысбай Абдыкадыровдун чыгармачылыгы жайлоодогу күн тийген таза абадай, шыңгыраган мөлтүр суудай…

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты