Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди
- 1 месяц мурун
6-декабрда белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Муратбек Бегалиевдин 70 жаш мааракеси белгиленди.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, чет элден келген коноктор, коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү катышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясат министрлигинин маалыматында маданият министри Муратбек Бегалиевдин өлкөнүн музыкалык өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымы, анын чыгармачылыгы жана элге кылган кызматын өзгөчө урматтоо менен белгилегени айтылат .
Өмүрүнүн көп бөлүгүн музыка өнөрүнө арнаган залкар композитор кыргыз маданиятынын дүйнөлүк деңгээлге чыгышына зор түрткү берди. Композитордун «Помпейдин акыркы күнү», «Балалыктын обондору», «Майрамдык увертюра», «Манас-соната», «Кыргыз сюитасы» сыяктуу чыгармалары улуттук жана эл аралык сахналарда кеңири аткарылып келген.
Улуттук маданиятка кошкон чоң салымы үчүн Муратбек Бегалиев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
2024-жылдын сентябрынан тартып, Муратбек Бегалиев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын жетектеп келет.
Сүрөт: Маданият министрлиги




