УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго эки бөлмөлүү батир тапшырды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгондугу, көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасы Ташиевге жөнөтүлгөн.

Кайрылуунун натыйжасында Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынын кичи райондорунун бириндеги 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Хабибилла Азиреткулов маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. 8 балалуу болуп, анын төртөө бойго жетелектер. Азыркы учурда пенсия жашына жетип, 66 жашында Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.

УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды
УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды
УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды
УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды
УКМК төрагасы Ташиев обончу Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен эки бөлмөлүү батир тапшырды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты